Россия коронавирус пандемиясына байланыштуу сегиз мамлекетке каттаган учактардын каттамына киргизилген чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Чектөө алынган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар.
Тизмедеги өлкөлөр:
Азербайжан;
Армения;
Казакстан;
Кыргызстан;
Тажикстан;
Түркмөнстан;
Өзбекстан;
Иран.
Росавиацианын маалыматына караганда, рейстер өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашмакчы.
Пикирлер (1)