Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Россия COVID-19га каршы вакцинаны сыноодон өткөрө баштады

03.06.2020 10:55
1059
Россия COVID-19га каршы вакцинаны сыноодон өткөрө баштады


Россияда COVID-19га каршы вакцинанын бардык клиникалык сыноолору июль айынын этегинде аяктайт, аны учурда Коргоо министрлиги жана Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илим изилдөө борбору жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеге караштуу 48-Борбордук илим изилдөө институтунун начальниги Сергей Борисевич бүгүн, 3-июнда “Красная звезда” гезитине берген маегинде билдирген.


Айтымында, маймылдар менен чычкандарга жүргүзүлгөн сыноолор ийгиликтүү аяктап, вакцинанын коопсуздугу жана коргоо натыйжалуулугу далилденди.


Эми сөз болуп жаткан жаңы вакцина контракт боюнча кызмат өтөп жаткандар арасынан тандалган ыктыярдуу 50 аскерге, алардын ичинде 10 медициналык кызматкерге сыналат. “Сыноодон өтүү үчүн ыктыярдуулардын макулдугунан сырткары, алардын сыноолорду татаалдантуучу өнөкөт, ошондой онкологиялык оорулары жоктугун далилдеген документтер талап кылынат”, - деп айтты Академик Н.Н.Бурденко атындагы Башкы аскердик клиникалык госпиталдын начальниги, медициналык кызматтын генерал-майору Евгений Крюков. COVID-19 менен ооруп айыккандар июнь айынын аягында башталуучу сыноолорго катыша алышпайт.

 

Кошумчаласак, учурда дүйнөдө 35ке жакын лабораториялар менен институттар коронавируска каршы вакциналарды табуунун үстүндө иштеп жатышат. Ошол эле учурда Буткүл дүйнөлук саламттыкты сактоо уюму жана дүйнөлук көп сандаган эксперттер натыйжалуу вакцинаны табууга бир жарым жыл керек деген пикирде.

Ал эми Россияда акыркы суткада коронавирус жуккан 8 863 учур аныкталды. Ошентип 3-июнга карата жалпы бейтаптардын саны 423 741 адамга жетти, алардын 5 037си каза тапты, 186 985 адам айыгып чыкты деп айтылат соңку маалыматтарда.

 

Россия учурда коронавирус менен ооругандардын саны боюнча АКШ жана Бразилиядан кийинки үчүнчү орунга чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн