28-ноябрда Казакстандын 7 жылга кайрадан шайланган президент Касым-Жомарт Токаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Жолугушууда Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен бирге үчтүк союз түзүү тууралуу кеп болгон.
Бул боюнча Казакстандын президентинин маалымат катчысы Руслан Желдибай түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, орус президенти менен Токаев Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен бирге үчтүк союз түзүүнү талкуулаган.
Союздун негизги максаты Россиянын газын Казакстан аркылуу Өзбекстанга жеткирүү болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн