Афганистандагы кырдаалдан улам Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларынын кагылыштарга даярдыгын күчөтөт. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия ар кандай кырдаалга даяр туруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларыбыздын жана башка күчтөрдүн даярдыгын жогорулатып жатат", — деди Шойгу.
Анын айтымында, "Ислам мамлекети"* жана "Аль-Каида" сыяктуу эл аралык террордук уюмдардын Афганистанда активдешип жатканы Борбор Азиянын коопсуздугуна олуттуу чакырык болуп саналат.
"Афганистанда куралдуу кагылыш уланып жаткандыктан социалдык-экономикалык кырдаал начарлап, диний радикализмдин идеологиясы жайылып, баңгизат жана чек арадагы кылмыш гүлдөп жатат", — деди министр.
Булак: "Спутник Кыргызстан"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн