Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Россия Кыргызстандагы базасын АКШга сунуштабаганын билдирди

22.07.2021 10:36
1098
Россия Кыргызстандагы базасын АКШга сунуштабаганын  билдирди

Россия Америкага Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларды колдонууну сунуштаган эмес. Бул тууралуу РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров "Интерфакс" агенттигине берген маегинде билдиргенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.


"ЖККУнун жамааттык аракет көрүүчү күчтөрүнүн курамына кирген базага америкалыктарды кантип чакыра алабыз? Союздаштарыбызга маалымат бербей, кеңешпей туруп чечим кабыл ала албайбыз", — деген Лавров.


Ошондой эле министр Москва кеңири үчилтикте, тагыраагы, Пакистан дагы кошула турчу Россия — Кытай — АКШ форматынын алкагында Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга жана маалымат алмашууга көмөктөшүүгө даяр экенин айткан.


Буга чейин ЖМКлар Россиянын президенти Владимир Путин июнь айында өткөн Женевадагы саммитте Американын лидери Жозеф Байденге афган багытындагы кадамдар менен иш-чараларды макулдашып алып барууну сунуштаганын жазган. Андагы маалыматтарга таянсак, РФ лидери Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Россиянын аскер базаларын Афганистандагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн пайдалануу демилгесин көтөрүп, сунуш киргизген.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн