Бугу 01, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Россия Кыргызстандагы мектептердин тамак-ашына 15 миллион доллар бөлөт

20.07.2023 10:51
274
Россия Кыргызстандагы мектептердин тамак-ашына 15 миллион доллар бөлөт


Россия өкмөтү БУУнун 2023-2026-жылдарга карата Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстандагы мектептерди тамактандыруу системасын өнүктүрүү долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашырууга 15 миллион доллар бөлүүнү чечти. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.


Белгиленгендей, 2013-2023-жылдары Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын тамак-ашын жакшыртуу программасын ишке ашырууга Россия 22 миллион доллар бөлгөн.


"Бул долбоордун аркасында республика боюнча 200 миң бала ысык тамак менен камсыз болушат. 850 мектепте ашканалар оңдолуп, заманбап ашкана жабдуулары менен жабдылды, 4 миң тонна байытылган буудай уну менен камсыздалды. Мектептердин ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери үчүн кошумча 3 миң жумушчу орун түзүлдү», - деп кошумчалады дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн