Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Россия Кыргызстандан оор жүктөрдү ташыган паромдорду кабыл алууга даяр

07.03.2024 15:48
270
Россия Кыргызстандан оор жүктөрдү ташыган паромдорду кабыл алууга даяр


Астрахань порту оор жүк ташуучу унааларды ташыган паромдорду, анын ичинде Кыргызстандан келген жүктөрдү да кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Светлана Антонова билдирди.


Ал Кыргызстандан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу (Каспий деңизи боюнча) Россиянын Астрахань портуна кеткен альтернативдүү жолду эске салды. Антонова түркмөн тарап бул каттамды колдонуу боюнча жобону бекитет деген үмүтүн билдирип, Өзбекстан эбак даяр экенин белгиледи.


"Астрахань порту жүк ташуучу унаалар жүктөлгөн паромдорду кабыл алууга даяр. Кыргызстандын жүк ташуучулары бул альтернативдик коридорду жигердүү пайдаланат деп ишенем", — деди консультант.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн