Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын 500 миң доза алуу өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, вакцина алуу боюнча Россиянын Президенти Владимир Путинге кат жолдошкон. Министр белгилегендей, республикада инфекциянын жайылышына байланыштуу кырдаал оор бойдон калууда.
"Кадимки жашоого кайтуу үчүн калкты эмдөөдөн өткөрүү керек", - деди Бейшеналиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн