Баш оона 22, 2025
Убакыт: 00:09
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Россия Кыргызстанга ири көлөмдө ун жана өсүмдүк майын жардам катары берет

21.04.2022 19:26
735
Россия Кыргызстанга ири көлөмдө ун жана өсүмдүк майын жардам катары берет

Бишкекте 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майы түрүндөгү Россиянын азык-түлүк жардамын тапшыруу аземи болот.


Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.


Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.


Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн