Россия тарап Кыргызстан менен байланыштырган авиакаттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Бул маалыматты Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров Россияда жолугушкан учурда айтылды. Эки тараптын 23-октябрдагы жолугушуусунун жыйынтыгында маалымат жыйын уюштурулган.
С.Лавровдун айтымында, бул маселе эпидемиологиялык абалдан көз каранды.
«Бул маселе менен Росавиация жана коронавирустун жайылышына каршы турган тиешелүү органдар алектенип жатышат», - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн