Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 00:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамды жөнөттү

25.11.2020 09:01
879
Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамды  жөнөттү

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары тогуз миң тонна азык-түлүк жөнөттү. Бул туурасында Россиянын КРдеги элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылып берилмекчи.


"Россия Кыргызстанга 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды. Ал каражатка жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алынды. 25-ноябрда Бишкекте ун жана өсүмдүк майын тапшыруу аземи болуп, андан соң региондорго бөлүштүрүлөт. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда", — деп жазылат билдирүүдө.


Аны менен катар Россия өлкөдө тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча башка долбоорлорду дагы каржылоону уланта турганы белгиленет. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо дагы бар. Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 400 миң окуучу камсыздалган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ошол ысык тамакты Мадумаров киргизген еле