Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Россия Конституциясын өзгөртөт

21.01.2020 11:55
833
Россия Конституциясын өзгөртөт

Президент Владимир Путин салтка айлангандай бул жолку Федералдык жыйынга кайрылуусунда Россиянын Конституциясына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага сунуш кылды. Мамлекеттик Дума Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда 23-январда карамай болду. Ошондо эмнелер өзгөрөт?

 Конституция кепилдик берген айлык акы

Россиянын Конституциясынын 75-беренесине толуктоолор киргизилип, ага ылайык эмгек акынын жана социалдык көмөкчү пулдардын индексацияланышынын көлөмү жалпы эле Россия боюнча жашоо минимунан кем болбогондой өлчөмдө болуусуна Конституциялык кепилдик берилет. Башкача айтканда айлыктын өлчөмү Конституция кепилдик кылган өлчөмдөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

Президенттерге, чиновниктерге, парламент мүчөлөрүнө талаптар

Өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары Россиянын жетектөөчү органдарында (губернаторлор, федералдык органдардын жетекчилери) чет өлкөлүк жарандыгы бар адамдар иштей алышпайт. Ошондой эле Россияда 25 жыл жашабаган адам президенттике талапкерлигин кое албайт (азыркы Конституциясы боюнча 10 жыл) жана эч качан чет өлкөнүн жараны боло албайт. Чет өлкөлүк жарандарга болгон талап Россияга бириктирилген аймактардын жашоочуларына жайылтылбайт. Мындан тышкары, Конституциядан бир эле адам катары менен эки мөөнөткө президент болуп шайлана албайт деген сүйлөмдү алып салуу сунушталды.

Ал эми жашка болгон талап Федералдык жыйындын мүчөлөрүнө карата колдонулмай болду. Же болбосо 30 жаштан жана андан жогорудагылар Федералдык жыйындын мүчөсү боло алса,  МамДуманын депутаттары мурункудай 21 жаштан өйдө шайлана алышат. Парламент мүчөлөрүнө, губернаторлорго чет өлкөнүн жараны болууга тыюу салынат.

Мамлекеттик кеңеш жана өкмөт

Конституциядагы – Мамлекеттик кеңеш тууралуу өзгөртүүлөр көпчүлүктү ойлонтууда. Путин Баш мыйзамга президенттин Мамлекеттик кеңешти түзүү укугун сунуш кылды. Бул структура ички жана сырткы саясатты аныктоодо, ошондой эле социалдык-экономикалык саясатты алып барууда “мамлекеттик бийликтин макулдашып аракеттенүүсү” үчүн түзүлүүдө. Ошол эле мезгилде өзгөртүүлөрдө президент Мамкеңешти жетектей тургандыгы тууралуу айтылган эмес.

Мурда Мамлекеттик Дума президентке премьер-министрди дайындоого макулдугун берчү. Азыркы өзгөртүүлөргө ылайык МамДума премьер-министрди өзү бекитип, президент ага кол коюуга милдеттүү. Ал эми премьер-министр бир жумалык мөөнөттө өкмөт мүчөлөрүн курап, мурдагыдай президентке барбай, Мамдумага барат. Мамдума өкмөт мүчөлөрүн бекиткенден кийин президент кол коет. Ошол эле учурда президент өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алып салууга укуктуу. Мурда президент күч органдарынын жетекчилерин, тышкы иштер министрин, өзгөчө кырдаалдар министрин өзү дайындап келсе, жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Федералдык Кеңеш менен макулдашып, анан дайындайт.

Конституция жана Конституциялык сот

Президент Путин эл аралык актылардын Конституциядан жогору туруусун четке кагып, 79-беренеге өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Россиянын Конституциясындагы мындай өзгөртүүлөр, эгерде Конституцияга каршы келсе эл аралык органдардын чечимин аткарбай коюуга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Путин Конституциялык соттун мүчөлөрүн 19дан 11ге чейин кыскартууну сунуштоодо. 


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн