Күрөш боюнча Орусия курамасынын машыктыруучулар штабы Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугундагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмактагы жарым финалдык беттешти тейлеген калыстарга каршы даттанат. Бул тууралуу Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили жергиликтүү басылмаларына билдирген.
"Биз нааразычылык билдирип жатабыз. Акылсыздык менен чектелген одоно ката кетти. Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу", - деген Мамиашвили.
Мээрим Жуманазарова жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн