Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россия Ошко бир нече мектеп салууну пландап жатат

13.03.2021 09:03
726
Россия Ошко бир нече мектеп салууну пландап жатат

Бүгүн, 12-мартта, Ошко Глушко баштаган РФ делегациясы келди.


Делегация шаардагы билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлүнгөн жерлер менен таанышып, орус тили мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү.


"Эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкагында Россиянын билим берүү программаларына ылайык мектеп куруу үчүн жер тилкелерин караштыруу иштери жүрүп жатат. Сунушталган жерлерди көрдүк, Ош шаарынын администрациясы буга жакшы көңүл буруп жаткандыгын байкадым", — деген Глушко.


Мэрия кошумчалагандай, Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы билим берүү мекемелерин куруу маселеси кийинки жумада эки өлкөнүн билим берүү министрлеринин жолугушуусунда кенен талкууланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн