Россия Федерациясынын "Газпром" компаниясы Польшага газ берүүнү толугу менен токтотту. Бул тууралуу BBC кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27-апрелге караган түндө газ берүү Беларусь-Ямал кууру боюнча толук токтотулган.
Буга чейин Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин "дос эмес өлкөлөр" газга болгон акыны рубль түрүндө төлөөгө милдеттендирген. Ал эми Польша андан баш тарткан.
Газ берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-апрель күнү аяктаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн