Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:50
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

"Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүүдө Россия ортомчу болууга даяр"

27.05.2020 12:15
11669
"Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүүдө Россия ортомчу болууга даяр"

 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүүдө Россия ортомчулук кылып берүүгө даяр. Бул тууралуу ТАСС басылмасы Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров онлайн брифингде билдиргенин жазып чыкты.


Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы курч абал тилекке каршы биринчи жолу эмес. Биз союздаштарыбызды сүйлөшүүгө, күч колдонуудан болушунча баш тартууга чакырабыз. Биз ортомчулук кызматын аткарганга даярбыз жана абал канчалык эрте тынчыса ошончолук жакшы болот деп эсептейбиз”, - деген ал.


Лавров ошондой эле Россия тарап тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңеш катчыларынын биргелешкен кеңешмесинин видео форматта өткөн конференциясында тарапташтарына бул сунушту киргизгенин айткан.


Эске салсак, жекшемби күнү Баткен районунун Мойнок тоосундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Бул  чыр-чатакка ким күнөлүү экенине келгенде эки өлкө бири-бирине төңкөп жатат.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Бекназаров Уланбек
Евразес ОДКБ мучосудобуз Кыргызстан.Ошон учун границаларды тактап алышыбыз зарыл СССР кезинде1956-жылда Орто Азия мамлекеттери границаларын тактап баары кол коюшкан.Ошол кездеги договор Картаны которуп ошо карта менен границаларды тактап тосуп алуу зарыл.Ошого Россиянын жардамы керек бизге!
Руслан
Эртерээк чечсе жакшы болмок Россия чечуусуно макулмун
Абдимиталип уулу Билал
Чек араны тактасын чек арачылардын айлык майанасыны которсун курал жарак менен камсыздаш керек
Аяна
Россия кошулбаса бутпойт окшойт