Бүгүн, 5-августта Тажикстанда Россия, Тажкистан жана Өзбекстандын биргелешкен аскердик машыгуусу башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка караганда, Ооганстан менен чек арадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан "Харбмайдон" полигонунда өтөт.
Тажикстандан, Россиядан жана Өзбекстандан 2,5 миң аскер жана 300гө жакын курал -жарак жана аскердик техника тартылган.
Машыгуулар Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн