Ооганстандагы курч кырдаалга байланыштуу Россия Федерациясынын бийлиги Тажикстанга 12 чалгын машинасын жана ок атуучу куралдардын чоң партиясын тапшырды. Бул тууралуу кечээ, 11-сентябрда РФнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Тажикстандын куралдуу күчтөрү модернизацияланган 12 даана BRDM-2M брондолгон чалгындоо жана патрулдук унааларын алар үчүн запастык бөлүктөрдүн комплекттери менен алышкан. Ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу үчүн атуучу куралдардын, таяныч куралдардын жана жабдуулардын партиясы өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (1)