Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Россия-Украина согушу...

08.12.2021 13:55
4791
Россия-Украина согушу...


Бүт дүйнө жүзү Россия-Украина согушу чыгып кетеби деп чочуркап турат. Согуш башталышы мүмкүнбү? Болсо кайсы тарап баштайт? Күч колдонууну баштоодо кайсы тарапта кандай аргумент же жүйөө бар?


Украина жикчил Донбасс жана Луганск облустарын өзүнө кайтаруу үчүн, бардык аймагына эгемендүүлүгүн орнотуу үчүн бкл региондордо аскердик аракеттерди башташы мүмкүн. Эгемен мамлекет катары ага укугу бар. Бул Украинанын аргументи жана жүйөөсү.


Россия ага каршы чыгат. Биринчиден, Донбасстагы тынч жарандарды, анын ичинде орус жарандарын коргойбуз деп чыгат (Донбасс жана Луганск тургундары массалык түрдө орус жарандыгын алганы маалым).


Россия ошондой эле улуттук коопсуздук, геосаясий кызыкчылыктар маселесин бетке кармайт. НАТОнун Россия чек арасына жакындашы, Украинага Москвага саналуу минуталарда жетүүчү НАТОнун ракеталарынын жайгашуусу Кремль үчүн кабыл алынгыс нерсе...


Бул согуш башталса, анда Россия үчүн Украинанын түштүк жана чыгыш региондорундагы калктын согушка карата мамилеси өзгөчө мааниге ээ. Жергиликтүү калк Россиянын аракетин колдоп берсе, анда Москванын маселеси бир топ жеңилдейт...


Айданбек Акматов, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн