Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:49
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Россия Украинада өзөктүк курал колдонобу?

28.10.2022 13:00
659
Россия Украинада өзөктүк курал колдонобу?


Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы атайын аскердик операциянын жүрүшүндө өзөктүк курал колдонуу ниети жоктугун билдирди.

 Бул туурасында Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун XIX жыйынында айтты.



Путиндин айтымында, Украина жана анын батыштагы өнөктөштөрү "ыплас бомбаны" колдонуп, Россияны бүтүн дүйнөгө жаман көрсөткүсү келет.


"Россия Федерациясынын аскердик доктринасында өзөктүк курал качан, кандай шартта колдонулары так жазылып турат.

Украинанын аймагында жана Донбасста өзөктүк курал колдонуу биздин ниетибизде да жок. Болгону Украина батыштын көрсөтмөсү менен чагымчылык даярдап жатат. 

Биз ал тургай "ыплас бомбанын" кайда даярдалып жаткандыгын да билебиз. Бизге аны жасап кереги жок.", — деди Путин.


Владимир Путин мындан сырткары Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга дайыма сүйлөшүүлөргө ачык экенин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн