Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 21:03
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Россия аймагында кыргыз продукциясын жайылтуу талкууланды

24.02.2021 22:07
631
Россия аймагында кыргыз продукциясын жайылтуу талкууланды

2021-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана каржы министри Улугбек Кармышаковдун Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуунун жүрүшүндө У. Кармышаков менен Д. Мантуров өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн олуттуу талкуулашты, эки тараптуу соода жүргүзүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана Россияда кыргыз продукциясын жайылтуу максатында биргелешкен ишканаларды түзүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына бекер техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.


Ушул Макулдашуу товарлардын айрым топторунун изделишин камсыз кылууга, ошондой эле контрафакттык жана контрабандалык товарлар менен күрөшүүгө багытталган товарларды маркировкалоо үчүн маалымат тутумун кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү жана толук адаптациялоону карайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн