Марк Полимеропулос мейманканада башы айланып, кулагы жаңырып ойгонгон. "Кускум келди, бирок тура албай койдум. Бутума турсам эле, кайра кулап жаттым. Мага бир нече жолу ок тийген, бирок бул өмүрүмдөгү эң коркунучтуу учур болду".
Полимеропулос Ирак, Сирия жана Ооганстанда кызмат өтөгөн. Ал АКШнын Борбордук чалгын кызматынын терроризмге каршы күрөш бөлүмүнүн жогорку даражадагы офицери. Полимеропулос Москвага келгенинде жашыруун, микро толкун куралы колдонулганын айтат.
Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишти делгенден кийин АКШнын чалгын кызматы Полимеропулос сыяктуу тажрыйбалуу саналган офицерлерин кайрадан талаага жөнөткөн. Алар Орусиянын чабуулдарына туруштук бермек.
Полимеропулос Европа жана Евразиядагы жашыруун операциялардын башчысы катары дайындалган эле. Ал өнөктөштөрү менен бирге Кремлдин тыңчыларынын аракеттерин ашкерелеши керек эле. Анын ичинде 2018-жылы Орусиянын мурдагы чалгын кызматынын офицери Сергей Скрипалдын Британияда ууландырылышы боюнча иш дагы бар болчу.
2017-жылы декабрь айында Полимеропулос Москвага иш сапары менен келген. Бирок ал жашыруун эмес, Орусиянын чалгын кызматынан расмий уруксат алып, өлкөнү өз көзү менен көрүү үчүн келген экен.
Сапарынын алгачкы күндөрүндө эле Полимеропулос табышмактуу илдетке чалдыккан. АКШга кайтып келгенде башы айланганы кеткен, бирок башка симптомдор пайда болгон.
"Үч жыл бою башым катуу ооруду, азыркыга чейин кеткен жок",-дейт ал. Полимеропулос илдетке байланыштуу иштей албай, бир нече ай бою медициналык жардам алган.
2016-жылы Кубадагы АКШнын жана Канаданын дипломаттары симптомдору окшош дартка чалдыкканы тууралуу кабар чыккан эле. Муну окуган чалгынчы кандайдыр бир курал пайда болгонуна шекшип калган.
Кубадагы дипломаттар капысынан кулагына үн угулуп, анын артынан эле башы катуу ооруп, жүрөгү айланган. Мындай симптомдорго дипломаттар айрым гана бөлмөлөрдө туш болушкан. Аны "Гавана синдрому" деп аташкан.
"Гавана синдромуна" эмне түрткү болгон?
"АКШнын Кубадагы элчилигинде кызмат кылган дипломаттар туш болгон чабуулга Москвада дуушар болдум",-дейт Полимеропулос.
Бирок "Гавана синдромунун" өзөгүнө жетүү оңой болгон жок. Себеби ар бир дипломаттын симптому айырмаланып турган эле. Айрымдары психологиялык илдетке кабылган.
АКШнын Улуттук илимдер академиясы 2020-жылы декабрь айында "Гавана синдрому" тууралуу биринчи иликтөөсүн жарыялаган. Клиникалык маалымат толук болбосо дагы, окумуштуулар тобу симптомдор "радио толкун аркылуу жөнөтүлгөн энергиядан" пайда болгон деген тыянак чыгарган.
Полимеропулосту Борбордук чалгын кызматынын медицина кызматкерлери текшерип, анын симптомдору "Гавана синдромунан" айырмаланып турганын айтышкан. Бирок чалгынчы симптомдор ар бир кишиде айырмаланып турганын жүйөө кармап келет.
Би-Би-Си Борбордук чалгын кызматы менен байланышканда, алар "ар бир кызматкеринин саламаттыгы приоритет" экенин айтып чектелди.
Табышмактуу дарт Кубадан башка жерлерде дагы байкалган
Полимеропулос 2019-жылы ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан. Ошондо окуясын ачык айтып, атайын ооруканаларда медициналык жардам алууга умтулган.
Чалгынчы Борбордук чалгын кызматынын оперативдик бөлүмү маселеге олуттуу мамиле кыла баштаганын айтууда. Себеби Полимеропулостон башка чалгынчылар дагы окшош дарттарга кабылган.
"Орусиядагы операцияга катышкан башка офицерлер дагы окшош дартка чалдыккан. Алардын айрымдары кыйналып жатканын ачык айткан эмес",-дейт Полимеропулос.
Айрым маалыматтарга ылайык, Куба менен Орусиядан тышкары Кытай, Польша жана Грузияда дагы жашыруун курал колдонулганы боюнча далилдер бар.
2019-жылы август айында Ак үйдүн расмийи Лондондогу мейманканада эс алып жатканда, үн угуп, башы катуу ооруп кыйналганын билдирген. Учурда Лондон менен Вашингтон бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
Орусиянын жашыруун куралы деп айтууга далилдер барбы?
Медиа каражаттары АКШнын Кубадагы элчилигиндеги окуянын алдында Гавана менен Москванын ортосундагы кат алышуусун жазып чыгышкан. Андан тышкары, АКШнын чалгын кызматкерлери табышмактуу дартка кабылгандан кийин тергөө жүргүзүлүп, алардын жанында Орусиянын чалгынчылары жүргөнүн смартфондордун жардамы менен аныкташкан.
Бирок жогорудагы мисалдарды так далил деп айтууга болбойт. АКШнын атайын кызматынын өкүлдөрү Орусия Кансыз согуш доорунда маалымат чогулткан жабдыктарды жаңылап, жашыруун курал иштеп чыккан деп жоромолдошууда.
Анда Орусия кандай максат менен бул кадамга барды? Теориялардын бири, Гаванада Кремль АКШ менен Кубанын мамилеси оңолуп бара жатканда тоскоолдук жараткысы келген. Жабдык ийгиликтүү иштегенден кийин, Орусияга каршы иштеп жаткан Полимеропулос сыяктуу тыңчыларга колдонулган. Бул офицерлердин талаадагы иштерин токтотуп, АКШнын Борбордук чалгын кызматынын талаадагы кызматкерлеринин ресурстарын солгундатат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо Би-Би-Синин суроолоруна "микро толкун колдонгон жашыруун курал тууралуу эч маалыматыбыз жок. Муну чагымчыл, негизсиз жана ойдон чыгарылган гипотеза катары сыпаттайбыз. Ошондуктан аны олуттуу маселе катары карап, комментарий бербейбиз" деген жооп кайтарды.
Полимеропулос болсо маселени Конгресстин комитети иликтеши керек деген пикирде. Жо Байден бийликке келгенден кийин жаңы администрациясы Орусиянын "агрессивдүү аракеттерин" иликтеп чыгып, мамлекет катышканы аныкталса кесепети болорун жар салды.
Борбордук чалгын кызматынын жаңы башчысы мурда Орусияда элчи катары кызмат кылган. Ал дагы бул маселеге көңүл бурушу ыктымал.
Полимеропулос үчүн маселенин түбүнө жетүү абдан маанилүү. Себеби ал жакшы көргөн ишинен айрылып, өмүрүнүн аягына чейин табышмактуу дарт менен жашайт.
"Андан көрө атып эле салышса болмок. Денеме ок тийсе, ооруса дагы аны дарыласа болот деп отурмакмын. Азыр аябай кыйналып жатам".
Булак: Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн