Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россия газды Германияга 80 доллардан, Кыргызстанга 267 долларга сатууда

16.04.2020 12:33
9321
Россия газды Германияга 80 доллардан, Кыргызстанга 267 долларга сатууда


Кендирди кескен ”КыргызГаз"...


Дүйнөдө газдын баасы мунайдын баасына жараша өсүп же төмөндөп турат. Россия Европага сатып жаткан газга бааны мына ошого жараша өзгөртөт.


Дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөр Сауд Аравиясы (12.7%) менен Россиянын (12.5%) баа жана өндүрүлө турган мунайдын көлөмү боюнча марттагы келишпестиги, ага кошул-ташыл таажы вирусу жараткан кризис мунайга бааны кескин төмөндөттү. Өткөн жылдан бери 60-70 доллар болуп турган мунайга баа март айында кескин төмөндөп, азыркы кезде бир баррель мунайдын баасы туруктуу болбой, 25-30 доллардын тегерегинде өйдө-төмөн болуп турат.


Мунайга баа бир эле ири мунай өндүрүүчүлөр келишпестигинен эмес, андан жогору, глобалдык тенденцияларга байланыштуу туруктуу түрдө төмөндөп келатат (мурунку кездердегидей бир баррель мунайдын баасы 120 доллар болгон мезгил жок.). Ал тенденциялар электромобиль доорунун өрүш алышы, экологиялык талаптардын күчөшү, альтернативалык энергетика булактарынын өнүгүшүнө байланыштуу.


Мунайга баанын төмөндөөсү менен орус газына да баа төмөндөйт. Анткени газдын баасы мунайга байланган. Маселен, бүгүнкү күндө Россия Германияга 1 миң кубометр газды 80 доллардан сатып жатканы белгилүү. Ошондуктан Беларусь президенти бизге да газды арзандат деп орус президенти Путинди кокодон алууда. Беларусска Россия 127 доллардан сатат. Лукашенко бааны 40-45 долларга түшүр деп жатат.


Европанын газ базарында конкуренция абдан күчтүү. Ал жерде "Газпром" монополия кылып, бааны каалагандай кое албайт, өзүм билемдик менен Беларусь же Кыргызстандагыдай өкүмүн жүргүзө албайт.


Кендир кескен өкүнүч


Кендир кескен өтө бир өкүнүчкө Кыргызстан бийлиги газ базарын эле эмес, “КыргызГаз” ишканасын да бүтүндөй инфраструктурасы менен 1 долларга "Газпромго" сатып жиберген. Айтылуу Атамбаевдин доорунда.


Ал Өзбекстан менен сүйлөшө алган эмес. Өзбекстан маркум Каримов тушунда бир топ татаал өнөк болуп, Атамбаев сыяктуу териси жукалар анын алдына бара алган эмес. Сүйлөшө албагандан “битке өчөшүп көйнөгүн отко салгандай” “КыргызГазды” "Газпромго" баш-оту менен өткөрүп берген. Өзбекстанда президент алмашты. Кошуналар менен, анын ичинде Кыргызстан менен мамилеси өзгөрдү, абдан жакшырды. Тажикстан Өзбекстандан 1 миң кубометр газды 120 доллардан ала баштады.


Кыргыз өкмөтү эми өкүрсө да абалды өзгөртө албайт. Мамлекеттин, өкмөттүн колу-буту тушалган. Бул кыска ойлонгондуктун баасы жана куну...


"Газпром" Кыргызстанда монополист болуп алган. Каалаганын жасайт. Каалаган баасын коет. Мына учурда "Газпром" сомго карай доллардын баасы өстү деп газга бааны көтөрүп койду. Ага чейин эле жогору болуп жаткан “Газпромдун” газы эми биротоло асман чапчып калды. Бүгүнкү күндө бир кубометр газды калкка “Газпром” 17 сом 60 тыйындан, ишканаларга 21 сом 30 тыйындан сата баштады. Бул деген 1 миң кубометр газ элге 17600 сом же 221 доллар, ишканаларга 21300 же 267 доллар дегенди билдирет. (Бул сумма Улуттук банктын 16-апрелге карай долларга койгон расмий баасына жараша эсептелди. 16-апрелге Улуттук банк 1 долларды 79 сом 608 тыйын деп эсептеген).


Кымбат газдын кесепеттери


Кымбат газ эмнеге алып келет же кесепети кандай тийип жатат? Бул кыргыз калкынын андан ары жакырланышына, экологиянын бузулушуна, абанын булганышына, ошого жараша ден соолугунун начарлашына, Кыргызстан товарларынын кымбат болушуна алып келүүдө.


Аны чечмелесек:


1) Газ кымбат болгондуктан калк үйлөрүн жылытууда газ жагуудан качышат. Кыш бою көмүр жагышат. Көмүрдүн ышы кыш бою Бишкекти каптап, Кыргызстан борбору дүйнөдөгү эң абасы булганган шаар болуп келди.


2) Бузулган аба адамдын ден соолугуна кандай терс таасир тийгизери баарыбызга белгилүү.


3) Газ долларга баалангандыктан Кыргызстандан доллардын сыртка чыгарылып кетишинин негизги булактарынын бири. Кыргызстанга сомго сатып, сомду долларга айлантып ташып чыгып кетүүдө. Долларга талапты өстүрүп, ал базарда доллар тартыштыгына, анын баасынын өсүшүнө алып келүүдө. Доллар кымбаттаса импорт товарларга баа өсөт. Мына ундун кымбатташы анын далили. Мындай нерселер калктын жакырланышына алып келет.


4) Газга баа канча жогору болсо аны пайдаланган ишканалар өндүргөн товар же продукциянын баасы ошончо кымбат болот. Бул аксиома.


Кыргызстанда энергетика тармагында бир гана альтернатива калгандай. Ал кантип болбосун Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу...


Айданбек Акматов

Теги

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Атай
Энергетика да деле таза эмес го. Даткадан Кеминге келгенче 20 ашык Адам акционер болуп алышып элдин канын ичип жатышканы сокурга корунуп турбайбы Биздин атка минерлер кумтор менен энергетиканы Эл учун иштеткенде мынча тентиген мигрант болмок эмес Кыргыз жеринин 80 пайызы ТОО болгондуктан мал чарбачылыгын кайрадан жандандырып экономиканы которгонго кыйла женилдемек Деген ойлор келет.