Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдынкы үч өлкөнүн катарына кирди

11.05.2020 14:48
835
Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдынкы үч өлкөнүн катарына кирди


Россияда бир сутка ичинде коронавирус илдетин дагы 11 656 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.


Ага ылайык, COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 221 344 адамга жетти. Ал эми илдеттен 39 801 бейтап айыгып, 2009 киши каза болгон.


Илдетти жуктургандар эң көп АКШда катталды, ал жакта дарт 1 миллион 360 миңден ашык адамдан табылган. Ал эми Испанияда 224 350, Улуу Британияда 220 449, Италияда 219 070 адамга жетти.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны дүйнөдө 4  103 241 бейтапка жетти.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн