Россия менен Кыргызстандын биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүшү мүмкүн.
Бул боюнча макулдашуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинтин кароосуна киргизилди. Эми ал РФ өкмөтү сунуштаган документти Мамлекеттик Дума менен Федерация Кеңешине ратификациялоо үчүн жөнөтөт.
"Бул макулдашууга 2022-жылдын 16-августунда Москвада кол коюлган", — деп айтылат билдирүүдө.
Макулдашууга ылайык Кыргызстан өзүнүн аймагындагы 5 гектар жерди Россияга келишим бүткөнгө чейин берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн