Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдардын саны дагы көбөйөт

23.11.2021 09:32
534
Россия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдардын саны дагы көбөйөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт. Бул тууралуу Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен барган КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда маалым болду.


Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулады.


«Жапаров россиялык тарапка үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдардын санын жогорулатуу тууралуу кабыл алынган чечими жана россиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы түрүндөгү гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн ыраазычылык билдирди», - деп айтылат министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн