Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россия менен Украина делегациясы экинчи жолугушууда эмнеге жетишти?

04.03.2022 06:16
644
Россия менен Украина делегациясы экинчи жолугушууда эмнеге жетишти?



Орус-украин делегацияларынын Беларустун Брест облусунда өткөн 3-марттагы сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну убактылуу токтото турууну макулдашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский  делегация башка талаптары боюнча жыйынтык ала албаганын кошумчалап, алар үчүнчү раундда сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн алдында ал Киев биринчи кезекте ок атышууну дароо токтотуу, тынчтык келишимине келүү, гуманитардык коридор ачуу маселелерин коёрун билдирген эле.


Орусиялык делегацияны жетектеп барган президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский да тараптар гуманитардык коридорлордо ок атышпоону макулдашканын ырастады. Ал дагы делегациялар кайрадан сүйлөшүү үчүн чогуларын тактады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн