Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Россия мигранттар үчүн жеңилдиктердин мөөнөтүн узартты

18.12.2020 11:41
713
Россия мигранттар үчүн жеңилдиктердин мөөнөтүн узартты
Россиянын президентинин №274 “Жаңы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” Жарлыгы 2021-жылдын 15-июнуна чейин узартылды. Бул тууралуу Миграция кызматы кабарлады.


Россиядагы мигранттардын федерациясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул жарлык 2020-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган, аны узартуу чечимине 15-декабрда кол коюлган.


Ушул жобого ылайык, чет элдик жарандарга 2021-жылдын 15-июнуна чейин: убактылуу жашап туруу жөнүндө документтерди, анын ичинде визаны; жашаган жери боюнча каттоону;  убактылуу же туруктуу жашоого уруксат кагазын узартуунунун кереги жок.


Мындан тышкары, 2020-жылдын 15-мартынан 2021-жылдын 15-июнуна чейин чет өлкөлүктөр Россиядан депортацияланбайт, эки же андан ашык административдик мыйзам бузуу үчүн өлкөдөн чыгарылбайт. Мунун баары кийинкиге калтырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн