Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 12:55
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Россия мурдагыдан таасирдүү вакцинаны жарыялады

11.11.2020 20:22
693
Россия мурдагыдан таасирдүү вакцинаны жарыялады


Россия Sputnik V аталышындагы коронавируска каршы вакцинаны жарыялады. Бул вакцинанын натыйжалуулугу 92%ды түзгөн. 


Препараттын биринчи дозасын буга чейин 20 миңден ашык ыктыярчылар кабыл алышкан, 16 миңден ашыгы биринчи жана экинчи дозаларын алышкан. Бардыгы болуп каттоодон кийинки изилдөөлөргө 40 миң адам катышат. 


Россия Sputnik V менен эмделген адамдарда күтүлбөгөн терс реакциялар байкалбагандыгын - болгону кыска мөөнөттүү терс таасирлери гана байкалгандыгын баса белгиледи. Вакцинага тиешелүү маалыматтарды алдыңкы эл аралык медициналык журналдардын бирине жарыялоо пландаштырылууда.

Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашко анализдин жыйынтыгы Sputnik V коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн натыйжалуу каражаты экендигин көрсөттү деп белгиледи. Министрдин айтымында, бул Россияда COVID-19га каршы массалык эмдөөнү эртереек баштоого мүмкүндүк берет. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн