Россия жаңы үлгүдөгү БМП-2М танкаларын Тажикстанга алып келди. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.
Маалыматка караганда, Россия жаңы үлгүдөгү танкалары бүгүн аскердик машыгууга катышуу үчүн Россиянын Тажикстандагы базасына алынып келинди.
Буга чейин Өзбекстан да аскердик машыгуу үчүн аскердик-техникалык күчтөрүн Тажикстанга жөнөткөн.
Аскердик машыгуу Тажикстандын Ооганстанга чектеш аймагына жакын жерде өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн