Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россия жана Өзбекстандын президенти Талант Мамытовду жана кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады

31.12.2020 12:32
608
Россия жана Өзбекстандын президенти Талант Мамытовду жана кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады

 Россия Федерациясынын президенти В.В. Путин жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёева Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


«Орус-кыргыз союздаштык мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде. Биздин өлкөлөр евразия интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү кызматташууда, аймактык жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтар, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирип жатат. Келе жаткан жылда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат Орус президентинин куттукттоо телеграммасында.


«Биздин тарыхый достук жана жакшы кошуналык мамилелер менен тыгыз байланышкан боордош элдерибиздин көп тараптуу жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарындагы жигердүү өнүгүүсү өзгөчө кубандырат. Кийинки жылы биздин өз ара ишеним менен сый-урматка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүбүз толугу менен жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө шек жок», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн