Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Россияда 32 жаштагы кыргыз жараны асынып алды

06.12.2021 14:13
654
Россияда 32 жаштагы кыргыз жараны асынып алды

Россия Федерациясынын Приморск крайына караштуу Борисовка айылында Нарын облусунун 32 жаштагы тургуну асынып алды. Окуя 24-ноябрда болгонун Кыргызстандын акыйкатчысынын алыскы Чыгыш федералдык аймагы боюнча коомдук башталгычтагы өкүлү Бакыт Садиров билдирди.


Анын айтымында, маркумдун сөөгү 4-декабрда мекенине жөнөтүлгөн.


«Мигрант болуп келип, ар кандай кырдаалда каза болуп калган мекендештерди "Жүк-200" аркылуу мекенге жөнөтүүдө жардам берип келебиз. Негизи өз ажалы менен каза болгон жарандын документ иштери 2-3 күнгө созулса, асынып алган учурларда 10 күндөн ашык убакыт кетет. Анткени тергөө иштери, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары чыкканча көпкө созулуп кетүүдө. Маркумду ооруканадан алып чыгууга 50-60 миң сом кетсе, Кыргызстанга учак аркылуу жөнөтүү үчүн 60 миң сомго жакын акча керектелет. Бир маркумду мекенине жиберүүгө 120 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталат. Мекендештердин жардамы менен каражат чогултуп, жөнөтүлөт.


Эгер маркумдун бир туугандары Кыргызстандын Россиядагы элчилигине каза болгон жакыны тууралуу документтерди толуктап алып барса, компенсация катары жакындарына жашаган аймагына карап 60 миң сомдон 80 миң сомго чейин төлөнүп берилет. Учурда Кыргызстанга бир гана Москва каттамы аркылуу "Жүк-200" кетип жатат. Нарындык жигиттин сөөгүн 4-декабрь күнү Приморск—Москва—Бишкек каттамы менен жөнөткөнбүз», - деди Б.Садиров.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн