Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Россияда 50 миң аскердин катышуусунда өтүп жаткан «Чыгыш-2022» стратегиялык машыгуусу аяктады

06.09.2022 16:30
1025
Россияда 50 миң аскердин катышуусунда өтүп жаткан «Чыгыш-2022» стратегиялык машыгуусу аяктады

Бүгүн, 6-сентябрда Россиянын «Сергеевский» полигонунда КР коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун катышуусунда «Чыгыш-2022» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, машыгуунун соңку этабында шарттуу душмандын негизги тобун артиллериянын, армиянын авиациясынын жана түз ок атууга бөлүнгөн каражаттардын жардамы менен талкалоо боюнча тапшырмалар иштелип чыкты.


Эскерте кетсек, «Чыгыш-2022» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин РФ Чыгыш аскер округунун аймагында жүргүзүлгөн. Ага 50 миңден ашуун аскер кызматкерлери, 5 миңден ашык курал-жарак жана аскердик техника тартылган.


Маневрлерге ЖККУ, ШКУ жана башка мамлекеттердин аскер контингенттери жана байкоочулары катышты. Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнөн аскердик контингенти катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн