Россияда окуп жүргөн беш жүзгө жакын кыргызстандык курсант бар. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңеште айтты.
“Россияда 5-майдан тарта аскер багытындагы окуу жайлар жабылат экен. Курсанттарды кайсыл өлкөнүн жараны болсо мамлекет барып алып кетүүсү керек экен. Ал жакта Кыргызстандан барып окуган беш жүзгө жакын курсант бар”, - деди Нурбаев.
Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе боюнча Россиядагы Элчилик менен талкууланып, жагдайлар аныкталарын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн