Россиянын Нижний Новгород 9 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө газ жарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 26-февралда орун алган.
Окуядан улам эки адам ооруканага жеткирилген. Турак үйдөгү бардык жашоочулар эвакуацияланган.
Көп кабаттуу үйдүн дээрлик баарынын терезелери күбүлүп калган.
Азыркы учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн