Россияда Rossgram жаңы социалдык тармагы иштей баштады. Бул тууралуу долбоордун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Rossgram 28-марттан тарта ишин баштаган. Жаңы соцтармакты дүйшөмбү күндөн тарта ЖМКлар, өнөктөштөр жана инвесторлор колдоно баштаса, кийинчерээк ал блогерлер менен жөнөкөй колдонуучулар үчүн да жеткиликтүү болот. Rossgram'да сүйлөшүү, блог жүргүзүү, бизнес кылуу, жаңылыктарды жарыялоо жана өз долбоорун түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралат.
Тиркеме Android менен iOS'тун базасында иштери айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн