Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Россияда кыргыз жаранын зордуктап, кыймыл-аракетин видеого тарткан адам кармалды

02.06.2020 19:58
1019
Россияда кыргыз жаранын зордуктап, кыймыл-аракетин видеого тарткан адам кармалды


Россияда 35 жаштагы адам кыргызстандык чала таанышын зордуктоого шектелип кармалды. Бул туурлауу Ички иштер министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 29 жаштагы Баткен облусунун тургуну ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 35 жаштагы жакшы тааныш эмес болгон адам жардамсыз абалынан пайдаланып, кара күч колдонуп зордуктаганын билдирген.


Аталган факты Москва облусунун Норинск шаарынын аймактык ИИМБнын кылмыштарды жана арыздарды каттоо журналына катталган. Шектүү катары Жалал-Абад облусунда төрөлгөн 35 жаштагы Т.А. аттуу Россиянын жараны кармалган. Ал эми шектүү болгон кыймыл-аракеттерин уюлдук телефон аркылуу видео тасмага тарткандыгы аныкталган.


Ага карата Россиянын Жазык кодексинин 131-берененин “б” пунктунун 2-бөлүгү (өмүрүнө коркунуч келтирүү менен зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.


Маалыматка таянсак, учурда экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган Т.А. аттуу жаран Россиянын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн