Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Россияда жасалма телефондорду аткезчилик менен алып бараткан кыргыз жарандары кармалды

15.05.2020 14:14
954
Россияда жасалма телефондорду аткезчилик менен алып бараткан кыргыз жарандары кармалды


Россиянын Самара облусунун бажы кызматкерлери Кыргызстандан Москвага 1800 даана жасалма смартфон алып бараткандарды кармады. Бул тууралуу Федералдык бажы кызматына таянып, орус баслмалары жазып чыгышты. 


Ага ылайык, Бишкектен Москвага жүк алып бара жаткан транспорт Большая Черниговка айылында текшерилген. Анда бажы кызматкерлери текшерүү учуруна кыргызстандык адамга таандык Huawei үлгүсүндөгү 1245 телефон, Samsung үлгүсүндөгү 355 жана 234 даана Apple үлгүсүндөгү телефондорду табышкан. Алардын баары документсиз, жасалма, телефондор болгон. Буга байланыштуу аларга товар белгилерин колдонуу мыйзамын бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, 100 миллион рубль чыгым келтирген деп табылган.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн