Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Россияда Кыргызстандын 6 жараны экстремисттик уюм түзүүгө шектелип кармалды

20.02.2020 15:58
644
Россияда Кыргызстандын 6 жараны экстремисттик уюм түзүүгө шектелип кармалды


Россиянын борбору Москва шаарында Кыргызстандын 6 жараны экстремисттик уюм түзүүгө шектелип кармалды. Бул маалыматты «ТАСС» агенттиги жарыялады.   


Анда айтылгандай, Кыргызстандын алты жараны 17-мартка чейин камакка алынган. Алар Россиянын Ички иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан колго түштү. Маалыматтарга караганда шектүүлөр «Таблиги Жамаат» уюмунун активдүү мүчөлөрү болгон.


«Уюмдун мүчөлөрү чогулуп, "Таблиги Жамааттын" идеологиясын жайылткан. Кармалгандар жашаган жерден экстремисттик адабияттар, анын ичинде Россиянын Юстиция министрлигинин экстремисттик материалдар боюнча тизмесине кирген адабияттар жана тыюу салынган белгилер табылып алынды», - деп жазды «ТАСС» агенттиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн