Россияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга добуш берүү 1-июлда өткөрүлөт. Ал эми добуш берүү негизги күнгө чейин алты күн мурда – 25-июнда башталат деп билдирди Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Николай Булаев бүгүн, 9-июнда ТАСС агенттигине берген тактамасында. Бул мөөнөтүнөн мурда добуш берүү катары эсептелбейт.
Эске салсак, конституциялык өзгөрүүлөр боюнча мыйзамга добуш берүү мурда 22-апрелге белгиленген, бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу ал башка мөөнөткө жылдырылган эле.
Пикирлер (1)