Американын The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович Екатеринбургда тыңчылыкка шектелип кармалды,- деп маалымдады Федералдык коопсуздук кызматы.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Гершкович АКШнын көрсөтмөсү менен Орусиянын мамлекеттик сырды камтыган аскердик-өнөр жай комплексинин бири тууралуу маалыматтарды чогултуп турган.
Учурда журналистке карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Тыңчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козголду.
Бир күн мурун Екатеринбургдагы бир нече басылмалар Эван Гершкович
Екатеринбургга болгон сапарынан кийин редакциясы менен байланышка чыкпаганын жазып чыгышкан.
Булак: BBC
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн