Россиянын Пермь крайында COVID-19 вирусу жуккан Туркмөнстандын 19 жараны ооруканага жаткырылды. Бейтаптар 10-июнда Березники шаарындагы Вагнер атындагы крайлык ооруканага тез жардам унаалары менен жеткирилген. Алынган анализдер аларда коронавирус бар экендигин көрсөткөн.
Эске салсак, бийлик расмий түрдө өлкөдө коронавирус жок деп айтып жаткан Түркмөнстанда өпкө кагынына кабылгандардын саны өсө баштагандыгы маалымдалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн