Акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында дагы 17 миң 347 адамдан коронавирус аныкталды, деп айтылат расмий маалыматта.
Бул санды кошкондо Россияда жалпы 1 531 224 адамдан коронавирус оорусуна кабылган.
Акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында коронавирустун кесепетинен дагы 219 бейтап көз жумду. Алардын ичинен 62 адам Москва шаарында, 12 адам Воронеж облусунда дарыланып жаткан.
Муну менен пандемия башталгандан бери Россия Федерациясында жалпы 26 269 бейтап көз жумду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн