Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 17:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Россияда америкалык журналисттин кармалышы: АКШ Россиядагы жарандарын тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

31.03.2023 11:08
472
Россияда америкалык журналисттин кармалышы: АКШ Россиядагы жарандарын тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Эван Гершковичтин кармалышынан улам Россияда жүргөн америкалыктарды тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Аткаминердин билдирүүсүн АКШнын Мамлекеттик департаменти таратканын РИА Новости билдирди.


"АКШнын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын коопсуздугу Мамдепартаменттин эң жогорку приоритети болуп саналат. Биз РФтин аймагында жүргөн мекендештерге кооптуулук тууралуу чечкиндүү эскертүүлөрдү дагы бир ирет кайталайбыз. Россияда жашап же саякаттап жүргөн Американын жарандары тез арада өлкөдөн чыгып кетиши керек. Бул сапарга чыгуучуларга сунуштама катары да жазылууда", — деди Блинкен.


Мамкатчынын айтымында, анын ведомствосу америкалык журналисттин кармалышы боюнча WSJ басылмасынын өкүлдөрү менен байланышта болууда.
Буга чейин Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы WSJ агенттигинин Москвадагы бюросунун кабарчысы Эван Гершковичти АКШ өкмөтүнүн кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген шек менен Екатеринбургдан кармаган.

Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн