Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:24
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Россияда азайган. Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө канча кыргызстандык иштеп, окуп жүргөнүн айтты

03.02.2024 09:57
420
Россияда азайган. Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө канча кыргызстандык иштеп, окуп жүргөнүн айтты


651 миң кыргызстандык дүйнөнүн 33 өлкөсүндө иштеп, окуп жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымына таянып, министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Анын айтымында, мекендештер Россия, Казакстан, Түркия, АКШ, БАЭ (Бириккен Араб Эмирликтери), Түштүк Корея, Италия, Австрия, Улуу Британия жана башка 33 мамлекетте жашап жатышат.


"Россияга баргандардын азайгандыгын байкап жатабыз. Учурда ал жакта 408 миң адам бар. Казакстанда 65 миң, Түркияда 60 миңге чейин, АКШда 36 миң, Австрияда 10 миң, Италияда 5 миң, Венгрияда 3 миң, Францияда 1,5 миң адам жашайт", — деген Базарбаев.


Министрлик "Мекен-карта" долбоору ишке ашырылганын белгилеп, аны алган чет өлкөлүк жаранга жеңилдиктер каралганын кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн