Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россияда бала багып иштеген кыргыз келиндин колунда орус жаранынын 2 жаштагы наристеси каза болду

01.02.2022 08:52
536
Россияда бала багып иштеген кыргыз келиндин колунда орус жаранынын 2 жаштагы наристеси каза болду

Россияга бала багуу үчүн барган келиндин багуусундагы 2 жашар наристе чарчап калды. Кыргыз өлкөсүнүн Россиядагы элчилигинен бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлашты.


Маалым болгондой, бүгүн, 31-январда Ленинград облусу боюнча тергөө комитетинин Всеволожск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан 1987-жылы туулган И.Н.М. аттуу Кыргыз жаранына карата кылмыш иши козголду.


"Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, И.Н.М. коопсуздук талаптарына жооп бербеген шартта балдарды багуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жол берген, анын кесепетинен наристе шектүүнүн батиринде каза болгон. Учурда укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти элчиликтен.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн