Акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында 149 адам коронавирустун кесепетинен көз жумду.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, көз жумган бейтаптардын саны боюнча алдыга Москва шаары чыккан. Шаарда бир суткада 35 бейтап каза тапты.
Муну менен Россия Федерациясында жалпы 22 597 бейтап көз жумду. Жалпы 1 298 718 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 1 020 442 адам айыкты. Дарыгерлер учурда 261 921 адамды дарылап жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн