Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Россияда биринчи 18 ыктыярчга коронавируска каршы вакцина сайылды

20.06.2020 16:28
1160
Россияда биринчи 18 ыктыярчга коронавируска каршы вакцина сайылды


Россияда Н.Н.Бурденко атындагы Башкы аскердик клиникалык госпиталда биринчи 18 ыктыярчыга Covid-19 коронавирусуна каршы вакцина сайылды, деп кабарлады РИА “Новости”.


Ошентип, Коргоо министрлиги Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борбору менен биргеликте коронавируска каршы россиялык вакцинаны клиникалык сыноого расмий киришти. Маалымат боюнча тогуз адам препараттын бир түрүн, дагы тогуз адам экинчи түрүн алды. Эмдөө процессин мекеменин эң тажрыйбалуу адистери көзөмөлдөдү деп айтылат маалыматта.


Бир нече күндөн соң вакцинанын коопсуздугу боюнча биринчи маалымттар алынгандан кийин ыктыярчылардын жаңы тобу эмделет. Учурда алар медиктердин көзөмөлүндө өз кезектерин күтүшүүдө.


Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцинанын биринчи үлгүлөрү ушул жылдын август жана сентябрь айларында жеткиликтүү болуп калаарын билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн