Учтун айы 02, 2025
Убакыт: 18:33
USD
86.85
87.35
EUR
90.20
91.20
RUB
0.780
0.880

Россияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны эки эсе кыскарган

30.12.2024 14:55
191
Россияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны эки эсе кыскарган


Кыргызстанда чоң долбоорлор башталган сайын жумушчу орундар түзүлүп, чет жердеги мекендештерибизди өлкөгө тартууга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган пресс-конференциясында билдирди.

Анын айтымында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда кеминде 30 миңге жакын ар түрдүү деңгээлде жумушчу орундар түзүлөт. 

“Камбар-Ата 1 ГЭСине 5 миңден 12 миңге чейинки жумушчулар керек болот. Ошондуктан өзүбүзгө жумушчу ресурстар керек, мекендештерибизди өлкөгө тартканга аракет кылуудабыз. Россиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын аягында 650-700 миңге жакын кыргызстандык мигранттар болсо алардын көбү Турция, Америка жана Европа өлкөлөрүнө чыгып кетишти”,- деди Кулубаев.

Белгилей кетсек, акыркы расмий маалыматтар боюнча Россияда мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөн 350 миңдин тегерегинде кыргызстандык мигранттар бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн