Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россияда генералдардын саны көбөйдү

12.06.2020 11:50
975
Россияда генералдардын саны көбөйдү


Бүгүн, 12-июнда белгиленип жаткан Россиянын күнүнө карата Президент Владимир Путин ӨКМ, ИИМ, Росгвардия, Тергөө комитети, бажы жана фельдъегерь кызматтары сыяктуу мекемелердин 40тан ашык кызматкерине биринчи жана кезектеги генералдык наамдарды ыйгаргандыгы тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады.


Алсак, алардын арасында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Николай Гречушкинге генерал-лейтенант, Чыгыш аскер округунун кол башчысы Юрий Яшинге генерал-полковник наамы ыйгарылды, ал эми Евгений Саидов биринчи жолу генералдардын катарына кошулду. Генерал-майор наамы Тергөө комитетинин ЖМКлар менен иштешүү башкармалыгынын жетекчиси Светлана Петренкого жана Магадан облусу боюнча тергөө башкармалыгын жетекчиси Александра Просинага ыйгарылды.


Кошумчаласак, Россияда учурда эң жогорку аскердик наам болуп эсептелген армиянын генерал наамын алган 65 адам бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн